2021-жылдын 30-сентябрында Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Бундестагында “Жамиля – Кыргызстандын майыптары ʏчʏн микроавтобус” долбоору боюнча болгон пресс-конференция

3102

2021-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Бундестагында болгон “Жамиля – Кыргызстандын майыптары ʏчʏн микроавтобус” аттуу долбоору боюнча пресс-конференцияга катышты. Долбоор Германиянын Бундестагынын депутаты Андре Хаандын демилгеси менен Кыргызстандагы мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамдарды колдоо максатында ишке ашып башталган.

Пресс-конференцияга Германиянын Бундестагынын депутаты, Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш шериктиги өлкөлөрʏ менен кызматташуу боюнча Германиянын Федералдык Өкмөтʏнʏн Ыйгарым укуктуу өкʏлʏ Йоханн Заатхофф, Бундестагдын депутаты, Бундестагдын “Германия-Борбордук Азия” парламенттик тобунун төрагасынын орун басары Андре Хаан, Батыш жана Чыгыш немец коомдорунун федералдык союзунун жана “Für Selbstbestimmung und Würde e.V. (Өз алдынчалык жана кадыр-барк коому)” Германиянын жалпы майыптар бирикмесинин өкʏлдөрʏ катышты.

Элчи Э.Абдылдаев өз сөзʏндө Кыргызстанда мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамдардын тең укуктарын жана мʏмкʏнчʏлʏктөрʏн камсыз кылууга багытталган иш-аракеттер, ошондой эле 2019-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган БУУнун майыптар укуктары тууралуу конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында өлкөдө жасалып жаткан иш-чаралар тууралуу белгиледи. Элчи германиялык шериктерге көрсөтʏп жаткан жардамы ʏчʏн ыраазычылык билдирди жана бул чөйрөдө мындан ары кызматташуунун улантылышына ʏмʏтʏн билдирди.

Бул долбоордун алкагында германиялык шериктер тарабынан, анын ичинде Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен алынган микроавтобус Кыргызстандагы “Кыргыз республикалык майыптар коому” коомдук бирикмесине жакын арада тапшырылат.

Маалымат катары: “Жамиля – Кыргызстандын майыптары ʏчʏн микроавтобус” долбоору Батыш жана Чыгыш немец коомдорунун федералдык союзу жана “Für Selbstbestimmung und Würde e.V. (Өз алдынчалык жана кадыр-барк коому)” Германиянын жалпы майыптар бирикмеси тарабынан жана Германиянын Бундестагынын депутаты, Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш шериктиги өлкөлөрʏ менен кызматташуу боюнча Германиянын Федералдык Өкмөтʏнʏн Ыйгарым укуктуу өкʏлʏ Йоханн Заатхоффдун колдоосу менен ишке ашып жатат. Долбоорду ишке ашырууда Бундестагдын депутаты, Бундестагдагы “Германия – Борбордук Азия” парламенттик топтун төрагасынын орун басары Андре Хаан жигердʏʏ катышып жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK