2022-жылдын 20-мартында Германиянын Рейнланд-Пфальц федералдык аймагындагы Швабенхайм шаарчасында кыргызстандыктардын “Рейн-Майн” коому Нооруз жаз майрамына карата майрамдык иш-чара уюштурду.

1626

2022-жылдын 20-мартында Германиянын Рейнланд-Пфальц федералдык аймагындагы Швабенхайм шаарчасында кыргызстандыктардын “Рейн-Майн” коому Нооруз жаз майрамына карата майрамдык иш-чара уюштурду.

Иш-чарага кыргызстандыктардын “Райн-Майн” коомунун мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү, мурда Кыргызстанда жашаган немис улутундагы жергиликтүү тургундар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы Консулдук агенттигинин өкүлү катышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары келген конокторго Кыргызстанда гана эмес, бир катар мамлекеттерде да кеңири майрамдала тураган Нооруз майрамы тууралуу маалымат беришти. Иш-чаранын катышуучулары “Аркан тартыш” улуттук оюнунда күч сынай алышты. Кеченин конокторуна кыргыз элинин түрдүү улуттук тамак-аштары тартууланды.

Кыргызстандыктардын “Райн-Майн” коому 2021-жылы түзүлгөн жана бул уюм өз ишмердүүлүгүнүн алкагында кыргыз элинин маданияты жана каада-салты тууралуу маалыматты немис жергесинде жайылтууга өз салымын кошуп келет. Муну менен кыргызстандыктардын “Рейн-Майн” коому быйыл 30 жашка толгон кыргыз-герман кызматташтыгын чыңдоого көмөктөшүп келет. Коомго мүчө болгон кыргызстандыктар медицина, билим берүү, телевидение, архитектура ж.б. тармактарда эмгектенишет. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK