COVID-19 байланыштуу консулдардын жангыча иш алып баруусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,
COVID-19 коронавирустук инфекциянын пандемиясына байланыштуу, 2020-жылдын 25-мартынан тартып, Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин Консулдук бөлүмү (Берлин шаары), Элчиликтин Бонн шаарындагы бөлүмү жана Франкфурт/Майн шаарындагы Консулдук агненттик алыс (дистанттык) иш тартибине өттү.
Демек, жарандарды кабыл алуу убактылуу токтотулду.
Консулдук-укуктук маселелер боюнча консультациялар ошондой эле дистанттык жүргүзүлөт - кеңселик телефон, уюлдук телефон, e-mail, WhatsApp.
Киргизилип жаткан чаралар убактылуу, Германияда эпидемиялык абалдын стабилдештирүүсүнө чейин, коронавирстун жайылышына каршы, ошондой эле Германияда жашаган жарандардын ден-соолугун сактоого багытталган.
Түшүнүү менен кабыл алууга үмүттөнөбүз.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Германия Федеративдүү Республикасындагы
Элчилигинин Консулдук бөлүмү