БШК парламенттик шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

5705

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп, 2021-жылы 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтындагы шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын таанышуусу жана маалыматтарды тактоосу үчүн УШК тизмени шайлоо участогуна илет.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 2021-жылдын 18-ноябрында “Тизме” порталына жайгаштырылат.

Урматтуушайлоочулар!

2021-жылдын 19-сентябрынан тартып 12-ноябрына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • № 9029 (Берлин ш. Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде), № 9030 (Кыргыз Республикасынын Франкфурт/Майн ш. Консулдук агенттигинде), № 9031 (Бонн ш. Элчиликтин бөлүмүндө) шайлоо участокторунда;

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу белгиленген консулдук мекемелерден консулдук каттоо жана биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда)  шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.

БШК сайтына шилтеме: https://shailoo.gov.kg/kg/news/5462/

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK