Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Омүрбек Текебаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолукту

1561

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Омүрбек Текебаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолукту.

Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Германиянын 350дөн ашык орто жана ири компанияларын камтыйт жана 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азия мамлекеттери менен иш алып барат.

Жолугушуу учурунда кыргыз-герман кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык абал жөнүндө, анын ичинде Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу ой-пикир алмашуу болду.

Элчи О.Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтык потенциалы толугу менен колдонулбай келерин жана дарамети чоң экенин баса белгиледи. Германия экономикасынын өкүлүнө Кыргызстанда өз ара пайдалуу проекттер тууралуу айтып, аларды чогуу ишке ашырууга чакырды.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын ишкерлеринин түздөн-түз байланышын арттыруу максатында 2022-жылдын май айында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүү тууралуу жана кыргыз-герман Ишкерлер Кеңешин түзүү маселеси талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK