Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин пресс-релизи

3852

2021-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Саксония Анхальт федералдуу жеринин Виттенберг шаарынын кичи жана орто ишканалар уюмунун өкүлү Гюнтер Весслау мырза менен жолукту.

Жолугушуу учурунда айыл чарба, медицина жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарында кызматташтыкты түзүү маселелери талкууланды.

Гюнтер Весслау мырза Кыргызстандан Германияга иштөө максатында  медициналык кызматкерлерди чакырууга кызыкдар экенин белгиледи. Аталган маселелени ийгиликтүү ишке ашыруу максатында тараптар  кылдаттык менен иштеп чыгууну макулдашты.

Андан тышкары, Германиядан сапаттуу уруктарды Кыргызстандын айыл-чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнө жеткирүүнү жөнгө салуу маселеси жана германиялык өнөктөштөр менен асыл тукум малды багуу жана көбөйтүү жаатында тажрыйба алмашуу талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK