2021-жылдын 22-октябрында  Берлин шаарында резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Дания Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун башчысы Ове Уллеруп мырзага ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды.  

2799

Дания Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун башчысы Ове Уллеруп Элчи Эрлан Абдылдаевди Берлин шаарында резиденциясы менен Дания Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кызматына киришүүсү менен куттуктады жана Даниянын Тышкы иштер министрлиги Элчинин миссиясын ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтөрүнө ишендирди.     

Элчи Эрлан Абдылдаев каалоо-тилектер үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-даниялык ар тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн бардык күчүн жумшай турганын белгиледи. Жолугушууда маектештер эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу саясий жана соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK