Кыргызстан менен Польшанын тышкы иштер министрликтеринин башчылары дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата куттуктоо-каттары менен алмашышты

2002

2022-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Польша Республикасынын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы Збигнев Рау мамлекеттердин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо-каттары менен алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«1992-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата Сизди чын дилимден куттуктап кетүүгө уруксат этиңиз.

Кызматташтык жылдарында биз өлкөлөр ортосунда күчтүү саясий диалог түзө алдык, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн негиздер түзүлдү.

Биргелешкен күч-аракет менен кыргыз-польша мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүнө салым кошобуз деген ишенимди билдирем.

Тактап айтканда, өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Сизди, Улуу Мартабалуу, Сизге ыңгайлуу болгон убакта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырам.

Мындан тышкары, 2022-жылы Кыргыз-Польша Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын уюштурууга кызыкдар экенимди билдирүүгө уруксат этиңиздер, анын алкагында Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды аныктоо максатында, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган кыргыз-польша бизнес форумун уюштура алабыз. Мен бул багытта кандайдыр бир дараметти көрүп турам.

Учурдан пайдаланып, Польша Республикасына Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунда ийгиликтерди каалоого уруксат этиңиздер. Сиздин бай дипломатиялык тажрыйбаңыздын аркасында ЕККУну чыңдоого, ошондой эле ЕККУнун бардык аймагында коопсуздукту камсыздоого зор салым кошосуз деп ишенем.

Ошону менен бирге, быйыл Борбордук Азия мамлекеттеринин ЕККУга киргенине 30 жыл толуп жатканын белгилегим келет. Кыргыз Республикасы бул маанилүү окуяга арналган «Борбордук Азия – ЕККУ» жогорку деңгээлдеги конференциясын өткөрүү демилгесин көтөргөн.

Мен Сизди ЕККУнун учурдагы төрагасы катары ушул иш-чарага катышууга чакырам, анын жүрүшүндө биз Уюмдун алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарууга, биздин кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландарды талкуулоого жана белгилөөгө жакшы мүмкүнчүлүк алабыз.

Урматтуу министр, Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайм».

Польша Республикасынын тышкы иштер министри Збигнев Рау мырзанын куттуктоосунда мындай деп айтылат.

«Польша Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоомду узатууга уруксат этиңиз.

Ондогон жылдар бою Кыргызстан Борбордук Азияда жарандык эркиндиктерди жана мыйзам үстөмдүгүн сактаган үлгү мамлекет болуп калууда. Демократиялык баалуулуктар жана адам укуктары концепциясы элге жакын болгон, бул өлкөнү эл аралык коомчулуктун баалуу мүчөсү кылган.

Мен Польша менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу жана эл аралык форматтагы жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Саясий жана экономикалык деңгээлде биздин мамилелерди активдештирүү үчүн дарамет бар экенине ишенем. Биз бул максатка күч-аракетибиз менен, анын ичинде дипломатиялык кызматтарыбыздын ортосундагы эффективдүү кызматташуу аркылуу жетебиз.

Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Стратегиясы, биздин мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти болуп саналат. Польша аны ишке ашырууга, айрыкча билим берүү тармагына умтулат. 2021-жылы Бишкек шаарында «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумун уюштурганы үчүн Кыргызстандын бийлигине ыраазычылык билдирем.

Сизге чың ден соолук, жооптуу кызматыңызда ийгиликтерди каалайм.

Мен жеке байланыштарыбызды улантууну чыдамсыздык менен күтөм».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK