2022-жылдын 12-февралында Берлиндеги Шенхаузен сарайында көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун Германиядагы белгилүү иллюстратор Кат Меншиктин иллюстрациясындагы немис тилиндеги «Жамиля» повестинин бет ачары болуп өттү.

1778

Бет ачарга белгилүү немис адабият таануучусу, журналист Ирмтрауд Гучке, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин өкүлү, ошондой эле Германиядагы Ч.Айтматовдун чыгармаларынын окурмандары жана күйөрмандары катышты.

Кеченин жʏрʏшʏндө «Жамийла» повестинен үзүндү окулуп, бул чыгарманын каармандарынын жашоосу темасында талкуу болду. Ч.Айтматовдун дүйнөгө таанымал «Жамиля» чыгармасы К.Меншиктин жаңы иллюстрацияларында ачык түскө боелуп, кеченин коноктору өздөрʏнʏн жагымдуу пикирлери менен бөлʏштʏ. Иш-чарага германиялык массалык маалымат каражаттарынын өкʏлдөрʏ катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK