2022-жылдын 7-июнунда Кыргызстандын Берлиндеги Элчилигинде Германиянын Экономика жана климатты коргоо Федералдык Министрлигинин «Manager Training Programme «Fit for Partnership with Germany» аттуу менеджерлерди даярдоо Программасынын алкагында Германияга келген кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуу өттү

1334

2022-жылдын 7-июнунда Кыргызстандын Берлиндеги Элчилигинде Германиянын Экономика жана климатты коргоо Федералдык Министрлигинин «Manager Training Programme «Fit for Partnership with Germany» аттуу менеджерлерди даярдоо Программасынын алкагында Германияга келген кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын бизнес өкүлдөрүн Германияда стажировкадан ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, аталган Программа Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири экенин белгиледи. Бул Программанын уникалдуулугу Кыргызстандын бизнесмендери немис компаниялары менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн тикелей байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүккө ээ.

Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү Программанын алкагында германиялык ишкерлер менен кызматташуунун ийгиликтүү мисалдары тууралуу айтып берип, мындан аркы кызматташуу пландары менен бөлүшүштү.

2022-жылдын 8-июнунда Элчи Өмүрбек Текебаев Программанын өкүлдөрү, атап айтканда Моника Штинекер айым – экономика жана климатты коргоо министрлигинде Программаны Кыргызстан менен ишке ашыруу боюнча жооптуу,  Изольде Хайнц айым - Кыргызстан боюнча долбоордун жетекчиси жана Ирина Алексиадис айым – долбоордун координатору менен жолугушуу өткөрдү

Кыргызстандын Элчиси Өмүрбек Текебаев германиялык тарапка кыргызстандык ишкерлерди Германияда окутууга 2022-жылга квотаны көбөйтүп бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи бул Программа Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуунун ийгиликтүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Немис тараптын өкүлдөрү белгилегендей, бул Программага барган сайын Кыргызстандан жогорку квалификациялуу талапкерлер келип, жакшы натыйжаларды көрсөтүп жана германиялык өнөктөштөр менен түрдүү келишимдерге кол коюуп жатышат. Андан тышкары, Кыргызстандагы ишкер айымдарды колдоо максатында германиялык тарап 2022-жылы Кыргызстандын ишкер аялдарынын кошумча тобун Германияга окууга тартуу чечимин жарыялашты.

2022-жылдын октябрында Бишкек шаарында Кыргызстандын менеджерлер Программасына катышуусуна 15 жыл толот жана ага  карата биргелешкен иш-чара, кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы Программанын Башкаруу комитетинин биринчи отурумун өткөрүү пландаштырылууда.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы Программаны 2023-2025-жылдарга узартуу боюнча Меморандумга кол коюу пландалууда.

 

Маалымат үчүн: Ишкерлерди даярдоо Программасы 21 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын бизнес өкүлдөрүн Германиянын ишканалары менен экономикалык кызматташтыкты түзүүгө даярдоого багытталган. Программанын алкагында катышуучулар Германиянын ишканаларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен түз бизнес байланыштарды түзүү үчүн Германияга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы катышуучуларды тартууга көмөк көрсөтүүдө. 2007-жылдан бери Кыргызстандын 300дөн ашуун өкүлү окуудан өткөн.

Толук маалымат жана Программага катышуунун шарттары төмөнкү шилтемелер боюнча жеткиликтүү:

https://managerprogramm.de

https://training.cci.kg/stajirovka-dlya-predrinimateley-germaniya

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK