Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстан менен Германиянын өкмөттөр аралык консультацияларга катышты

1164

2022-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Экономика жана коммерция министрлигинде өткөн Кыргызстан менен Германиянын финансылык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык консультацияларга катышты.

Өз сөзүндө Элчи Ө.Текебаев Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Федералдык министрлиги тарабынан каржыланган долбоорлор Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенин айтып, өлкөнүн социалдык жана экономикалык  өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келет деп белгиледи. Ошону менен бирге, Элчи Германиянын өнүгүү кызматташтыгында Кыргызстан эки тараптуу өнөктөш катары калыбына келет жана мындан ары да финансылык жана техникалык кызматташтык жигердүү өнүгө берет деп ишеним артты.

Консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтык тууралуу ой-пикир алмашуу болду жана азыркы тапта Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK