2022-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик министри Тобиас Линднер мырза менен жолугушту

1906

2022-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик министри Тобиас Линднер мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуунун кыска жана орто мөөнөттө өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери жана негизги багыттары талкууланды.

Тараптар акыркы 30 жылда болуп келген кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин баса белгилеп, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү жана ар-түрдүү тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү максатында иш-сапарларды уюштуруу жана тышкы иштер министрликтердин ортосунда консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү пландарын талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия дүйнөдө алдыңкы саясий борборлордун бирине айланып баратканын жана Кыргызстан саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда активдүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик министр Тобиас Линднер 2022-жылдын июнь айында Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин түзүлүшү жана биринчи отурумунун маанилүүлүгүн белгилеп, германиялык тараптын ар түрдүү тармактарда кыргыз-герман мамилелерин мындан ары да чыңдоого даярдыгын билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK