2022-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык Президентинин кеңсесинин Эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушту

1428

2022-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык Президентинин кеңсесинин Эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушуп, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, иш-сапарларды уюштуруу, азыркы таптагы эл-аралык кырдаал жана Борбор Азиядагы кызматташтык тууралуу ой-пикир алмашуу болду.

Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз-герман кызматташтыгын ар тараптуу багыттарда бекемдөөгө жана эң жогорку деңгээлдеги иш-сапарларды уюштурууга кыргыз тарап кызыкдар экенин баса белгиледи. Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Стратегиясынын демилгечиси катары Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайер мырзаны Кыргызстанда жогору баалашат деп Элчи белгиледи.

Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайер мырза Борбор Азияны жакшы билет жана ал үчүн бул чөлкөм маанилүү экенин Вольвганг Зилберманн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK