Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда системалык жумушка орноштурууну уюштуруу маселелери боюнча Германиянын делегациясынын Кыргызстанга келишине даярдыктарды талкуулашты

1397

2022-жылдын 13-июлунда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин эл аралык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Михаэль ван де Каммен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу жана Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштурууну системалуу уюштуруу боюнча практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин Кыргыз Республикасынын тийиштүү мекемедери жана ведомстволору менен карап чыгуу үчүн Германиянын делегациясынын жакынкы айларда Кыргызстанга визитине карата даярдыктар талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Германияга адистерди даярдоо, тажрыйба топтоо, квалификациясын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасына жаңы билимдерди жана технологияларды тартуу максатында адистерди даярдоого жана жөнөтүүгө кыргыз тараптын кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Михаэль ван де Каммен германиялык тараптын Кыргыз Республикасы менен бул жаатта узак мөөнөттүү кызматташууга көмөктөшүүгө даярдыгын белгилеп, немис тилин билүү жана дипломдорду таануу жана бул үчүн тараптарга адистерди кийин Германияда ишке орноштуруу үчүн Кыргыз Республикасында адистерди даярдоонун туруктуу механизмдерин түзүү маанилүү шарт экенин белгиледи.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK