Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмүндө «Мурас» коомдук бирикмесинин колдоосу менен Германиядагы кыргыз диаспорасынын активистери жана лидерлери менен жолугушуу болуп өттү.

1257

Бул иш-чарага популярдуу блогер, актриса жана телеалпаруучу Назира Айтбекова жолугушуунун коногу катары катышты. Андан сырткары «Данек уюму», «Kyrgyz German IT Community», «Kyrgyz Network» жана «Чөйрө» сыяктуу бирикмелердин өкүлдөрү да катышты.

Иш-чаранын алкагында Назира Айтбекова «Белгилүүлүк дагы – чоң жоопкерчилик» деген тема жөнүндө сүйлөп, өзүнүн ишмердүүлүгү жана келечектүү долбоорлору тууралуу айтып берди.

Аны менен бирге Аялдардын ролу, балдарды тарбиялоо көйгөйлөрү, ошондой эле азыркы коомдун ар кандай актуалдуу маселелери жөнүндө ой-пикирлерин чагылдырган “Жөн эле ойлор” деген өзүнүн автордук китебин презентациялады.

Мындан тышкары иш-чаранын катышуучуларынын жетишкендиктери менен бөлүшүү, аткарылып жаткан иштер жана кызыктырган долбоорлор тууралуу пикир алмашуу болду.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин кофе-брейк учурунда мекендештер бейформал шартта бири-бири менен жакындан таанышууга, байланыштарды чыңдоого жана аларды кызыктырган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүктөн пайдаланышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK