Эличиликтин маалыматтык билдирүүсү

1503

Германияга студенттер ʏчʏн жайкы жумушта иштɵɵ максатында («Ferienjob») келген Кыргыз Республикасынын жараны Б.к.С. катышуусу менен Германиянын Ганновер шаарында болгон жол кырсыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинин консулу болгон окуянын жагдайын тактоо иретинде, ошондой эле аталган жаранга керектүү консулдук жардам көрсөтүү үчүн ушул жылдын 29-июлунда Бонн шаарынан Ганновер шаарына (болжол менен 350 км) барып келди.

Сапардын алкагында Ганноверге «Ferienjob» аркылуу студенттер ʏчʏн жайкы жумушта жүргөн башка Кыргызстандык студенттер менен дагы жолугушуп, ошондой эле иш берүүчʏ жак, полиция жана медициналык мекемелер сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жалпысынан Кыргызстандан жайкы жумушка келген студенттердин жашоо жана иштөө шарттары канааттандырарлык экенин белгилей кетүү керек. Ошону менен бирге Германияда жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чет мамлекетте кыска мөөнөттө болгон учурда сергектик жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу боюнча сунуштар айтылды.

Жабырлануучунун жана анын жанындагы күбө болгон башка студенттердин айтымында, ушул жылдын 26-июлунда кечинде жашаган үйʏнүн жанында аталган жаран Б.к.С. туура эмес жерден көчөнү өтүп бара жатканда полициясынын автомашинасы сʏзʏп кеткен. Полиция тез жардам кызматын чакырып, жабырлануучу дароо ооруканага жеткирилип, ага  медициналык тез жардам көрсөтүлгөн.

Жабырлануучуну эртеси күнү жамбаш шакекчесинин алдыңкы бөлүгү жылышы жок жɵнɵкɵй сыныкка, баш мээсинин чайкалышы учураган деген диагноз менен үйүнө чыгарылып, ага тынч абалда жана амбулатордук көзөмөлдʏн астында болуу сунушталган. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы туруктуу.

Учурда жабырлануучуга тийиштʏʏ медициналык жардам көрсөтүү, иш берүүчү жак тарабынан ага компенсация төлөп берүү жана ʏйʏнɵ кайра кайтууга авиабилет сатып алуу, ошондой эле келген өлкөнүн укук коргоо органдары менен юридикалык маселелер каралууда.

Маселе Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинин көзөмөлүндө.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK