2022-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Экономика жана климатты коргоо министрлигинин департаментинин директору Др. Доминик Шнихельс мырза менен жолукту.

1387

Жолугушуу учурунда Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы логистика жана энергетика жааттарындагы ири инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымдап, ал долбоорлорду ишке ашырууда  герман тарапты  катышууга чакырды.

Др. Доминик Шнихельс мырза 2022-жылдын 13-июнунда Бишкекте болуп өткөн Кыргыз-Герман бизнес-форуму жана Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешинин ишмердүүлүгү эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташууну жигердетүүгө жакшы өбөлгө түзгөнү тууралуу айтып, герман тарап Кыргызстан экономикалык кызматташтыкты жигердетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ошону менен бирге, Др. Шнихельс мырза Герман өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргызстандын ишкерлерин Германияда окутуу Программасы мындан ары да уланаарын жана кеңейерин маалымдады.

Андан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты жигердетүү жолдорун жана келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу  ой-пикир бөлүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK