Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев 2022-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында Германияга айыл-чарба продукциясын экспорттоого кызыкдар кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.

1128

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев 2022-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында Германияга айыл-чарба продукциясын экспорттоого кызыкдар кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.

Элчи Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Европа биримдигине кирген өлкөлөргө ВСП+ макамы менен Кыргызстан 6 миңден ашуун товардык позициялар боюнча кошумча төлөмсүз экспортоого мүмкүндүгү бар, бирок ал макам жетиштүү түрдө колдонулбай келээрин белгилеп, макамдын мүмкүнчүлүктөрүн кененирээк колдонууга чакырды.

Мисалы, 2021-жылда Кыргызстан менен Германиянын ортосунда соода көлөмү 75 млн АКШ долларын түздү, анын ичинен Германиянын импорту 63 млн долларды түзсө,  Кыргызстандын экспорту 12 млн долларды гана түзгөн.

Ал экспорттун көлөмү жетишсиз жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экспортту көбөйтүү боюнча тиешелүү тапшырмасынын негизинде азыркы тапта Элчилик тарабынан иш алып барылууда.

Жолугушууда ишкерлер  экспорт жаатында ой-пикир жана  тажрыйба бөлүшүп, тоскоолдуктар тууралуу сөз кылышты.

Жолугушуунун катышуучулары, экспорт жаатындагы ишти жигердетүү максатында кыргызстандык экспорттоочуларды колдоо Борборун түзүү маселеси талкуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK