2022-жылдын 24-ноябрында Бавария Федералдык аймагындагы Вайденбах шаарчасында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев айыл чарба тармагында орто кесиптик-техникалык адистерди даярдоо боюнча Триздорф жогорку айыл чарба мектебине жана мамлекеттик техникалык айыл чарба мектебине иш сапары менен барды жана мектептердин директору Фритц Гронауэр- Веддиге менен жолугушуу өткөрдү.

739

2022-жылдын 24-ноябрында Бавария Федералдык аймагындагы Вайденбах шаарчасында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев айыл чарба тармагында орто кесиптик-техникалык адистерди даярдоо боюнча Триздорф жогорку айыл чарба мектебине жана мамлекеттик техникалык айыл чарба мектебине иш сапары менен барды жана мектептердин директору Фритц Гронауэр- Веддиге менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Элчи Ө.Ч.Текебаев айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба тармагында кесипкөй техникалык кадрларды даярдоо Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи жана кыргыз тарабыын бул жаатта орто техникалык кадрларды даярдоо боюнча Германиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мектептердин директору Фритц Гронауэр-Веддиге негизинен жергиликтүү немис окуучуларын окуткан бул мектептеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, окуу жайды аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн 70%га жакыны өз чарбаларында, 30%ы айыл чарба тармагындагы ар кандай уюмдарда иштеп жатышат. Окуу жайлардын башка өлкөлөр менен иштөө тажрыйбасы да бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы орто техникалык окуу жайлардын жогоруда аталган Трисдорф кесиптик-техникалык мектептери менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Маалымат үчүн: Бавариянын Федералдык аймагындагы Триздорф – бул мектеп окуучулары жана студенттери айыл чарба, тамак-ашты башкаруу, тамак-аш өндүрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында билим алган уникалдуу билим берүү борбор болуп саналат. Триздорфто тогуз кесиптик окуу жайы, Вайенштефан-Трисдорф университетинин эки факультети бар: айыл чарба факультети жана айлана-чөйрөнү коргоо факультети. Практикалык сабактар жергиликтʏʏ айыл чарба ɵндʏрʏшʏндɵ, мал чарба мектептеринде жана башка ɵндʏрʏштʏк базаларда жʏргʏзʏлɵт, бул айыл чарбасы жагынан жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого мʏмкʏндʏк берет.

Жогорку айыл чарба мектеби айыл чарба тармагында адистешкен. Бир жылдык окуу жылында окуу жай дыйкан, малчы, багбан, жылкычы же айыл чарба кызматынын адиси сыяктуу адистерди даярдайт. Окуу практика менен айкалыштырып жүргүзүлөт. Бүткөндөн кийин, ЕБ тарабынан таанылган "Мамлекеттик сертификатталган айыл чарба инженери" наамы берилет.

Мамлекеттик техникалык айыл чарба мектеби эки жылдык билим берүүнүн алкагында коммерциялык маселелерди жакшы билген айыл чарба ишкерлери болуу үчүн инженер-техникалык кадрларды даярдайт, айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатууну жүргүзөт. Өндүрүш технологияларынан тышкары, алар каржы, укук жана менеджмент тармактарында билимдерин тереңдетет. Мектептин негизги багыты бизнести башкаруу жана корпоративдик башкаруу болуп саналат. Жогорудагы мектептер боюнча көбүрөөк маалыматты бул дарек боюнча тапса болот: https://www.technikerschule-triesdorf.bayern.de/

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK