2022-жылдын 19-декабрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаевдин Германиядагы кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏ Нурлан Мукаш жана Гүлжан Фриндт-Сайдилкан менен жолугушту.

767

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелери, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын даярдоо жана Германияда ишке орноштуруу боюнча Германияда биргелешкен компания түзүү маселеси талкууланды.

Германия тарабы менен мындай кызматташуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштурууну камсыз кылууга, анын ичинде 2022-жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташууга жардам бере алат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK