2022-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германияга тажрыйба алмашуу жана эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү максатында келген Кыргыз Республикасынын Нарын облусунан келген кыргыз делегациясы менен жолугушту.

768

Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сапаров Адыл, Нарын мамлекеттик университетинин ректору Байбагышев Эрмек, Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Жапаров Жумадилла, Жумгал районунун акиминин орун басары Матанбаев Жамшит, «Хан-Теңири» ЖЧК директору Таалай Карпековдор болушту.

Жолугушууда Нарын облусу менен Германиянын ортосундагы билим берʏʏ жана экономика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Германияда болгон учурунда кыргыз делегациясы тажрыйба үйрөнүү жана кызматташуу максатында «DEULA-Nienburg» (Deutsche Lehranstalt für Agrartechnik) айыл чарбасы боюнча практикалык окуу борборуна барышты.

Элчи Өмʏрбек Текебаев Нарын областынын Германия менен кызматташуусунда Элчилик тийиштʏʏ колдоо кɵрсɵтʏʏгɵ даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK