2023-жылдын 5-январында Элчи Өмүрбек Текебаев Германияга иш-сапар менен келген кыргызстандык "Сан Планет Органик" компаниясынын директору Бекназар Асанов менен жолукту

619

2023-жылдын 5-январында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германияга иш-сапар менен келген кыргызстандык "Сан Планет Органик" компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Бекназар Асанов менен жолукту.
"Сан Планет Органик" компаниясы өзгөчө сапаттагы органикалык сертификатталган продукцияны өндүрөт жана Германияга ири көлөмдө экспорттоп келет.
Жолугушууда Кыргызстандын продукциясын Германияга экспорт көлөмүн көбөйтүү маселелери талкууланды. 
Элчи Ө.Текебаев тарабынан Берлин жана башка шаарларда жайгашкан ири соода түйүндөрү менен кызматташуу түзүү сунушталды. Аталган иш январь жана февраль айларында Германияда боло турган эл аралык көргөзмөлөргө кыргызстандык ишкерлердин катышуусунун алкагында уланат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK