Кыргызcтандын Германиядагы Элчилигинин чакыруусу менен 20-29-январь аралыгында «Дауд-АС» ЖЧКсынын директору Улан Тазабеков Берлинде өткөн «Жашыл жумалык» эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө катышты.

449

Кыргызcтандын Германиядагы Элчилигинин чакыруусу менен 20-29-январь аралыгында «Дауд-АС» ЖЧКсынын директору Улан Тазабеков Берлинде өткөн «Жашыл жумалык» эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө катышты. Ишкана төө буурчак жана кургатылган кара өрүктү өндүрүү жана сатуу менен алектенет.

Көргөзмөгө катышуунун алкагында Улан Тазабеков ар кайсы өлкөлөрдөн келген компанияларга өз продукциясын сунуштап, “Foodomani GmbH”, “Granata GmbH”, “Saatenberg Handels & Consulting GmbH” жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле, компаниянын өндүрүш линиясын кеңейтүү жана андан кийин Германияга анын продукциясын экспорттоо максатында германиялык өнөктөштөр менен макулдашууларга жетишилди.

Маалымат иретинде: Эл аралык "Жашыл жумалык" көргөзмөсү Германиядагы эң белгилүү жарманкелердин бири. Ал 1926-жылы Берлинде негизделген жана тамак-аш, айыл чарба жана багбанчылык боюнча алдыңкы эл аралык жарманке болуп саналат. Уюштуруучулардын айтымында, 2023-жылдагы көргөзмөгө 60 өлкөдөн 1400дөн ашык экспоненттер келген. Жалпысынан көргөзмөнү 300 миңге жакын адам көргөн. Кийинки "Жашыл жумалык" көргөзмөсү 2024-жылдын 19-январынан 28-январына чейинки аралыкта Берлинде өтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK