2023-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Masterrind GmbH» компаниясына барып, башкы директору Ральф Штрассемейер менен жолугушту.

382

2023-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Masterrind GmbH» компаниясына барып, башкы директору Ральф Штрассемейер менен жолугушту. «Masterrind GmbH» - Германиядагы ири асыл тукум бирикмеси, анын курамында 8 миңге жакын чарба бар жана аларда сүт жана эт багытындагы асыл тукум бодо мал өстүрүлөт.

Жолугушууда Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандын фермерлери асыл тукум малды өстүрүүгө кызыкдар экенин, жана малды багууда сандан сапатка өтүүгө кызыкчылыгын билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстандын фермерлери герман адистеринин бул тармакта топтолгон тажрыйбасын камтыган эксперттик кеңештерге муктаж экенин белгиледи.

Башкы директор Р.Штрассемейер «Masterrind GmbH» компаниясы Борбордук Азия өлкөлөрү менен иштеген жана оң тажрыйбага ээ экенин баса белгиледи. Компания үчүн асыл тукум малды сатуу гана эмес, ошондой эле тиешелүү эксперттик колдоо көрсөтүү маанилүү экенин айтты жана бул узак мөөнөттүү кызматташтык түзүүгө өбөлгө түзөт. Анын айтымында, «Masterrind GmbH» компаниясы жасалма уруктандыруу багытында да алдыңкы компания жана компания чыгарган урук материалдары дүйнөнүн 50 мамлекетине жеткирилет.

Бул жаатта кызматташууну түзүү максатында 2023-жылдын март-апрель айларында Кыргызстандын фермерлеринин аталган компанияга иш сапар менен келүү тууралуу сүйлөшүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK