2023-жылдын 7-9-мартында Берлинде жыл сайын «ITB-2023» Эл аралык туристтик жарманкеси өтʏп жатат.

276

2023-жылдын 7-9-мартында Берлинде жыл сайын «ITB-2023» Эл аралык туристтик жарманкеси өтʏп жатат. Ага Кыргыз Республикасынын делегациясы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Министрликтин алдындагы Туризм департаментинин директору С.Шатманов, «Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнʏ колдоо фонду» ААКнын президенти Е.Калашникова жана фонддун өкүлдөрү, 21 туристтик компаниянын өкүлдөрү, дестинациялар катышып жатат. Көргөзмөгө кыргыз делегациясынын катышуусуна Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги тиешелүү жардам көрсөтүүдө.

Туризм жаатындагы дүйнөгө белгилүү бул көргөзмөгө Кыргызстандын катышуусу «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүну колдоо фонду» ААК жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен мүмкүн болду.

Кыргызстандык делегациянын катышуусунун алкагында мындай эл аралык аянтчада Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири көрсөтүү максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Атап айтканда, Кыргызстандын делегация мүчөлөрүнүн, туроператорлордун, Кыргызстандын туристтик багыттарынын көптөгөн жолугушуулары жана сүйлөшүүлөрү, B2B бизнес жолугушуусу, кыргызстандык жана чет элдик туристтик компаниялардын, Германиядагы министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат-семинар ж.б. иш-чаралар өтөт.

7-мартта Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин катышуусунда кыргыз стендинин ачылыш аземи болуп өттү. Салтанатка министрдин орун басары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, Кыргыз Республикасынын Гамбургдагы ардактуу консулу Карл Элердинг, «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» ААК, кыргыз делегациясынын башка мүчөлөрү жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Көргөзмө залынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жакшы жасалгаланган кыргыз стенди көргөзмөгө келгендердин зор кызыгуусун жаратты. Кыргыздын улуттук кийимдерин кийген кыргыз дɵɵлɵрʏ, кыздары жана жигиттери кыргыз стендинин чыныгы кɵркʏн ачты.

Кыргыз Республикасынын мындай белгилүү эл аралык көргөзмөлөргө катышуусу Кыргызстанда туризмди кеңири жайылтууга жана Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин санын көбөйтүүгө жардам берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK