Берлин шаарында болуп жаткан “ITB-2023” Эл аралык туристтик жарманкесинин алкагында B2B бизнес-жолугушуусу өткөрүлдү.

294

2023-жылдын 8-мартында Кыргыз Республикасынын делегациясынын Берлин шаарында болуп жаткан “ITB-2023” Эл аралык туристтик жарманкесинин алкагында кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин, Кыргызстандын, Германиянын жана башка өлкөлөрдүн туристтик компанияларынын катышуусу менен эртең мененки тамак ʏстʏндɵгʏ B2B бизнес-жолугушуусу өткөрүлдү. Иш-чараны Кыргызстандагы Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Министрликке караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев чыгып сɵз сʏйлɵштʏ.

Элчи Ө.Текебаев өз сөзүндө туризмди Кыргыз Республикасынын экономикасынын маанилүү жана келечектүү тармактарынын бири катары белгилеп, жолугушуунун катышуучуларын Кыргызстанга турист катары келүүгө чакырды.

Кыргызстандын туристтик компанияларынын, ассоциацияларынын жана дестинацияларынын өкүлдөрү өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. B2B форматындагы жолугушуунун катышуучулары ɵз ара пикир алмашышып, туризм тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алышты.

Жолугушуунун катышуучулары үчүн Кыргызстан тууралуу фотокөргөзмө уюштурулуп, Кыргызстандагы туризм боюнча видеотасмалар жана маалыматтык материалдар жана ошондой эле кыргыздын улуттук даамдары тартууланды.

2023-жылдын 7-9-мартында Берлин шаарындагы “ITB-2023” Эл аралык туристтик жарманкесинин алкагында Кыргызстандын 21 туристтик компаниясы Кыргызстандын уникалдуу туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тартуулап жатышат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK