2023-жылдын 13-апрелинде Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Франкфурт-на-Майне шаарында “DLG Holding GmbH” компаниясынын башкы директору Фреей фон Цеттриц менен жолугушту.

56

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле Кыргызстанда агро өнөр жай тармагындагы эл аралык саммитти биргелешип өткөрүү маселеси да талкууланды. Бул иш-чара эл аралык жана аймактык өкүлдөрдүн катышуусунда ушул жылы өтөөрү жана катышуучуларды айыл чарба тармагындагы акыркы жетишкендиктер жана инновациялар менен тааныштыруу аянтчасы болоору күтүлүүдө.

“DLG Holding GmbH” Германия боюнча 30 000ге жакын мүчөсү бар, Немис айыл чарба коомунун кызыкчылыктарын коргогон компания. Уюм конференцияларды, жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү, айыл чарба изилдөө жана азык-түлүк тестирлөө иштери менен алектенет.

Жолугушуу КРнын Германиядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK