2023-жылдын 18-апрелинде Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасныдагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бавариядагы кыргыз диаспорасынын «Ордо» коомунун ɵкʏлдɵрʏ жолугушту.

64

2023-жылдын 18-апрелинде Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасныдагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бавариядагы кыргыз диаспорасынын «Ордо» коомунун ɵкʏлдɵрʏ жолугушту.

Жолугушууга келген кыргызстандыктар Германиянын Бавария федералдык аймагында окуп, иштеп жатышат. Алар ɵздɵрʏнʏн окуусу жана иштеген иштери жана Кыргызстан менен биргеликте жасап жаткан долбоорлору тууралуу ой бɵлʏшʏп, Элчи менен баарлашышты.

Элчи Ө.Ч.Текебаев мекендештерге Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы жасалып жаткан кызматташуу маселелери тууралуу маалымат берди. Жакында, 5-майда белгилене турган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы менен мекендештерди куттуктап, Конституциянын тарыхы тууралуу кыскача маалымат берди.

Бул жолугушуу Германиядагы кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏ менен байланышты бекемдɵɵгɵ салымын кошот.

Маалымат катары: Германиянын түштүгүндөгү кыргызстандыктардын “Ордо”. коомдук уюму – 2012-жылдын июль айында Мюнхенде тʏзʏлгɵн. “Ордо” коому кыргыз элинин маданиятын жана каада-салттарын Германиянын тʏштʏгʏндɵгʏ Бавариянын жашоочуларына тартуулап, жайылтып келет. Муну менен бирге бул коом Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүгө да көмөк көрсөтүп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK