2023-жылдын 19-апрелинде Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев ар кандай кызматтарды көрсөтүүгө адистештирилген Германиялык «Dr. Sasse AG» компаниясынын жетекчиси Кристина Зассе айым менен жолугушту.

46

Немис компаниясынын жетекчиси учурда Германияда ар кандай кесиптеги адистердин кескин жетишсиздигин, атап айтканда, көп сандагы электриктер жана «курулуш техниктери» (жылытуу, кондиционер ж.б. боюнча адистер) талап кылынарын белгиледи.

Жолугушууда Германиянын эмгек рыногуна адистерди тартуу максатында Кыргызстан менен кызматташуу маселелери талкууланды. Элчи Ө.Ч.Текебаев немис компаниясына Кыргызстандагы кесиптик окуу жайлардын биринин базасында жергиликтʏʏ уюмдардын бири менен бирге өзүнүн кадрларды даярдоо мектебин ачууну жана анда даярдалган адистерди Германияда жумушка орноштурууну сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында германиялык компания менен кыргыз тараптын ортосунда кызматташууну түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: «Dr. Sasse Group» компаниясы ар кандай Германиянын бизнес чөйрөлөрүндө кызмат көрсөтөт: имараттарды тазалоо кызматтары, комплекстүү объектилерди башкаруу кызматтары, аэропорттор, авиакомпаниялар, жашылдандыруу жана башкалар. Жалпысынан компанияда ар кандай адистиктеги жана квалификациядагы 8 миңден ашык кызматкер иштейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK