2023-жылдын 20-апрелинде Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Бавария-Борбордук Азия» бизнес форумуна катышты.

57

2023-жылдын 20-апрелинде Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Бавария-Борбордук Азия» бизнес форумуна катышты.

Бул форум Мюнхен жана Жогорку Бавариянын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын негизги темалары Бавариянын Борбордук Азия өлкөлөрүнөн квалификациялуу адистерди тартуу жаатында кызматташуусу жана ошондой эле чийки зат жаатында өз ара аракеттенүүсү болду.

Бизнес-форумдун жүрүшүндө бавариялык компанияларга квалификациялуу адистерди тартуу жана чийки зат тармагында өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын потенциалы тууралуу маалымат берилди.

Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, Бавариянын Экономика министрлигинин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын Германияда ишке орноштурууга кызыкдар компаниялар жана Германия менен Борбор Азия мамлекетери менен чийки зат жаатында кызматташтыгына кызыккан германиялык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Германиялык компанияларга Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат менен бирге  туризм, өнөр жай жана продукцияны экспорттоо жаатындагы инвестициялык долбоорлор таратылды.

Мындан тышкары Кыргызстанда жана Германияда иш алып барган компаниялар менен байланыш түзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK