2023-жылдын 20-апрелинде Берлиндеги Schinkel-Grundschule мектебинин окуучулары Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинде Германиянын жаратылышты коргоо союзу (Naturschutzbund Deutschland – NABU) тарабынан уюштурулган “Ак илбирс экспедициясы” көргөзмөсүнө катышышты.

46

Окуучулар Кыргызстандын тоолорунда жашаган бул кооз жана сейрек кездешүүчү жаныбардын жашоо образы тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды билүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Көргөзмөдө окуучулар Кыргызстандын жаратылышы тууралуу маалыматтар менен таанышкан сон, ак илбирстин элеси түшүрүлгөн төш белгилерди жасоо боюнча мастер-класстарга катышып, бул укмуш жаныбарлардын жашоосу, адаттары тууралуу суроолорго жооп алышты.

Мындай иш-чаралар Кыргызстандагы жаныбарларды жана жаратылышты коргоого жана сактоого, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы маданий алмашууга көңүл буруу боюнча узак жана жемиштүү иштердин негизи болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK