2023-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бавария Федералдык аймагынын Кам районунун административдик башчысы Франц Лёффлер жана Швандорфдогу Иш менен камсыз кылуу агенттигинин башчысы Зигфрид Боймлер менен жолугушту.

47

2023-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бавария Федералдык аймагынын Кам районунун административдик башчысы Франц Лёффлер жана Швандорфдогу Иш менен камсыз кылуу агенттигинин башчысы Зигфрид Боймлер менен жолугушту. Жолугушуу Кыргызстан менен Бавария Федералдык аймагынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелерин такуулоо максатында өттү.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Кыргызстандын орто техникалык окуу жайларынын базасында германиялык окуу программасы боюнча квалификациялуу адистерди даярдоонун жана аларды Германияда стажировкадан өткөрүүнүн маанилүү экендигин белгиледи.

Ф.Лёффлер Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилеп, Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Бавария Федералдык аймагы Германиянын маанилүү жана экономикалык жактан өнүккөн Федералдык аймактарынын бири. Баварияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинин деңгээли өлкөнүн 16 Федералдык аймагынын ичинен эң жогорку кɵрсɵткʏчкɵ ээ жана 45,9%ды түзөт.

З.Боймлер Кыргызстандан Германияга үч жылдык орто техникалык билим алуу жана андан ары жумушка орноштуруу үчүн Кыргызстандан биринчи студенттерди 2023-жылдын сентябрь айында Германияга алып келүү маселеси чечилгендигин билдирди. Бул кызматташуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Эмгекке орноштуруу Федералдык агенттигинин ортосунда 2022-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Меморандумдун негизинде ишке ашып жатат.

Ошону менен бирге бул Меморандумга ылайык Кыргызстандан Германиянын Саксония Федералдык аймагына быйыл 50 студент ʏч жылдык билим алууга келишет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK