2023-жылдын 22-апрелинде Кёльн шаарындагы «Bürgerhaus Stollwerck» маданий борборунда Кыргызстандан келген популярдуу аткаруучулар Jax 02.14 жана Freeman 996, ошондой эле белгилүү кыргыз эстрада ырчысы Мерген Тургандын катышуусунда концерт өттү.

42

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен Кёльн шаарындагы кыргыздардын «Мурас» коомдук уюму тарабынан уюштурулган.

Концерт Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлүнүн куттуктоо сөзү менен башталды. Ал мындай иш-чаралар Германияда да, ага коңшу мамлекеттерде да жашаган кыргызстандыктардын башын бириктирүүгө багытталганын белгилеп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы чогулгандарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Кыргыздын таанымал ырчыларынын өнөрлөрү залда чогулгандардын баарына майрамдык маанай түзүп, жагымдуу эмоцияларды тартуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK