2023-жылдын 21-апрелинде Берлин шаарынын галереяларынын биринде кɵргɵзмɵнʏн ачылышы болуп, ага Кыргызстандык мекендешибиз Гʏлзат Эгембердиеванын кыргыздардын тарыхы темасына арналган илимий-изилдɵɵ иши боюнча материалдары коюлду.

49

2023-жылдын 21-апрелинде Берлин шаарынын галереяларынын биринде кɵргɵзмɵнʏн ачылышы болуп, ага Кыргызстандык мекендешибиз Гʏлзат Эгембердиеванын кыргыздардын тарыхы темасына арналган илимий-изилдɵɵ иши боюнча материалдары коюлду. Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилиги бул кɵргɵзмɵгɵ катышуу ʏчʏн Г.Эгембердиева тийиштʏʏ колдоо кɵрсɵттʏ.

Кɵргɵзмɵгɵ Франциянын жана Вьетнамдын ɵкʏлдɵрʏ да катышышты. Кɵргɵзмɵгɵ коюлган экспонаттар жана материалдар адамдардын ар кандай ʏндɵрʏнɵ байланышып, ар тараптуу кɵрʏнʏштɵрдʏ чагылдырып турду.

Кɵргɵзмɵдɵ Г.Эгембердиева Памирлик кыргыздардын турмушунан ʏзʏндʏ алган кыска видеотасмасын да койду. Бул видеотасма Германиянын Висбаден шаарында 2023-жылдын 26-апрелинен 2-майына чейин боло турган «GoEast» Борбордук жана Чыгыш Европа ɵлкɵлɵрʏнʏн 23-фильфестивалына катышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK