2023-жылдын 28-апрелинде Бад-Наухайм шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бад-Наухайм шаарынын бургомистри Клаус Кресс менен жолугушту.

44

2023-жылдын 28-апрелинде Бад-Наухайм шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Бад-Наухайм шаарынын бургомистри Клаус Кресс менен жолугушту. Жолугушууга Германиянын Бундестагынын депутаты Петер Хайндт жана Бад-Наухаймдын Шаардык кеңешинин (парламенттин) тɵрагасы Оливер фон Массоу катышты.

Жолугушууда тараптар Бад-Наухайм шаары менен Кыргызстандын түрдүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктɵрүн талкуулашты. Бургомистр К.Кресс Бад-Наухайм шаарынын Мэриясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Бул шаар адистештирилген медициналык клиникалары бар термалдык курорт шаары катары белгилүү. Тараптар ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Кыргызстан жана кыргыз-герман кызматташтыгынын маселелери тууралуу маалымат берип, Бад-Наухайм шаары менен Кыргызстандын ортосунда өз ара кызыкчылык туудурган багыттарда кызматташууну орнотууну сунуштады.

Маалымат үчүн: Бад Наухайм - Германиянын Гессен федералдык аймагынын Веттерау районундагы кɵлɵмʏ боюнча экинчи орунда турган курорттук шаар. Бад Наухаймда жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын оорулары боюнча Керкхофф эл аралык адистештирилген клиникасы жайгашкан. Термалдык шаар ар кандай ден соолукту чыңдоо жана курорттук кызматтарды сунуш кылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK