2023-жылдын 28-апрелинде Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту. Жолугушуу кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жардам менен болуп ɵттʏ.

71

2023-жылдын 28-апрелинде Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту. Жолугушуу кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жардам менен болуп ɵттʏ. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы Консулдук агенттигинин консулу Чубак Оморов жана Элчиликтин кызматкерлери катышты.

Жолугушууга келген мекендештерди Элчи Ө.Ч.Текебаев 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституция кʏнʏ менен куттуктады. Элчи ɵз сɵзʏндɵ Германияда окуп жана иштеп жʏргɵн кыргыз жаштарына ийгилик каалап, Кыргызстан менен тыгыз байланышта болууга чакырды.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандыктардын Германияда болушуна байланышкан ар кандай суроолор боюнча пикир алмашуу болуп ɵттʏ. Өзʏнʏн мыкты иш-аракети ʏчʏн кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жетекчиси Асель Сайраан-Дамир жана анын активдʏʏ мʏчɵсʏ Азамат Дамир Элчиликтин Алкыш баракчасы менен сыйланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK