2023-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Бонн шаарындагы Бөлүмүнө барды.

74

Бул иш сапарынын алкагында Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин Биринчи катчысы Султан Худайбергеновго «Евразиялык экономикалык биримдикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалын (Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин 2022-жылдын 9-декабрындагы №16 чечими менен кабыл алынган), ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин аскердик-саясий интеграциясын бекемдөө боюнча иштерге активдүү катышкандыгы үчүн ЖККУнун Ардак грамотасын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Элчи Өмүрбек Текебаев куттуктоосунда Султан Худайбергеновго дипломатиялык кызматта мындан аркы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK