2023-жылдын 4-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп ɵттʏ.

99

2023-жылдын 4-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп ɵттʏ.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.А.Азыгалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Альянс» фракциясынын лидери Акаев Ж.К., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Ч.А.Султанбекова, жогорудагы аталган комитеттин мүчөлөрү Мамасадыков З.Д., Кожокулова Г.А., Абдалиев М.А. жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏ катышты.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиcи Өмʏрбек Текебаев жолугушуунун катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы менен куттуктап, мамлекетибиздин мындан ары дагы ɵсʏп-ɵнʏгʏшʏ ʏчʏн Конституциянын маанилʏʏ ордун белгилеп кетти.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары сɵз сʏйлɵп, Германиядагы кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏ менен баарлаша алышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK