Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин пресс-релизи

149

2023-жылдын 3-майында Берлиндеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинде Элчи Өмүрбек Текебаев “Saatenberg H&C GmbH” компаниясынын башкы директору Игорь Безридний менен жолугушту.

“Saatenberg H&C GmbH” компаниясынын жетекчиси Кыргыз Республикасында Германиядан келген технологияларды жана үрөндөрдү колдонуу аркылуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган кыргыз-герман биргелешкен ишканасын түзүү ниети тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында ар түрдүү тармактардагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Германияда немис-кыргыз инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын жетекчилиги Германиядан келген компанияларга жана инвесторлорго өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Маалымат үчүн: “Saatenberg H&C GmbH” — 2012-жылы Германияда негизделген, азык-түлүк жаатында эл аралык дүң соодасы менен алектенген компания. Компаниянын Индонезия, Кытай, Сейшел аралдары, Шри-Ланка, АКШ, Казакстан, Таиланд, Тайвань, Түркия, Өзбекстан, Индия, Россия, Украина, Улуу Британия, Болгария, Польша, Германия, Италия, Франция, Бельгия, Нидерланды, Португалия, Литва, Латвия, Эстония, Испания сыяктуу өлкөлөр менен иштөө тажрыйбасы бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK