2023-жылдын 10-майында Берлин шаарында Германиянын Бундестагында Бундестагдын депутаты, Бундестагдагы «Германия-Борбордук Азия» депутаттык тобунун төрагасы Ойген Шмидт менен бул топтун мүчөлɵрʏ, Бундестагдын депутаттарынын Германиядагы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Элчиликтеринин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

107

2023-жылдын 10-майында Берлин шаарында Германиянын Бундестагында Бундестагдын депутаты, Бундестагдагы «Германия-Борбордук Азия» депутаттык тобунун төрагасы Ойген Шмидт менен бул топтун мүчөлɵрʏ, Бундестагдын депутаттарынын Германиядагы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Элчиликтеринин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинен Кеңешчи Айнура Турсумбаева катышты.

Жолугушууда Гёте атындагы германиялык институттун жана Чет өлкөдө мектептерде билим берүү боюнча борбордук кеңсенин (ZfA) ɵкʏлдɵрʏ бул уюмдардын Борбордук Азиянын аймагындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Жогорудагы немис уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты эки өлкөнүн маданий алакасын өнүктүрүү, немис тилин окутуу жана Кыргызстандагы немис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

Жолугушуунун катышуучулары Борбордук Азия регионунун өлкөлөрүнүн Гёте институту жана Чет өлкөдө мектептерде билим берүү боюнча борбордук кеңсеси (ZfA) менен региондо немис тилин билген кадрларды даярдоо маселелеринин, ошондой эле Германия менен Борбордук Азиянын ортосундагы маданий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кызматташуунун чоң потенциалын белгилешти.

Маалымат үчүн: 1994-жылы Алматыда Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан менен кызматташуу максатында Гёте институту түзүлгөн. Ташкенттеги Гёте институту Өзбекстан жана Тажикстан менен кызматташат.

Алматыдагы Гёте институту 2001-жылы Бишкекте түзүлгөн Кыргызстандагы Немис тилин окутуу борборунун (Немец тили борбору) ишин координациялайт, анда немис тили бардык деңгээлдеринде (A1-C1) окутулат. Курсту аяктагандан кийин, экзамен тапшырып, немис тилинде таанылган эл аралык тил сертификатын алса болот.

Алматыдагы Гёте институту Кыргызстандагы өнөктөш мектептердин (PASCH) программасын, Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы Республикалык китепкананын немис окуу залын координациялайт, ошондой эле ар кандай маданий иш-чараларды ишке ашырат.

Чет өлкөдө мектептерде билим берүү боюнча борбордук кеңсе (ZfA) Кыргызстанда иштеп, Келечек үчүн өнөктөш мектептердин (PASCH) демилгесинин алкагында Кыргызстандагы 8 мектеп менен кызматташат. Мындай мектептердин бир катарларында Германиянын ЖОЖдоруна кирүү үчүн II даражадагы немис тилинин дипломун (DSD-II деңгээли B2/C1) жана Германиядагы колледждерге кабыл алуу үчүн I даражадагы (DSD-I деңгээли A2/B1) немис тилинин дипломун алуу ʏчʏн сынактар өткөрүлөт.

ZfA өнөктөш мектептерди окуу материалдары менен камсыз кылууда, немис тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууда жардам берет, немис тил мугалимдерин Кыргызстандагы өнөктөш мектептерге жиберет, Ысык-Көлдө Борбордук Азиянын жайкы мектебинин жана жайкы тил лагеринин долбоорлорун ишке ашырат, ошондой эле өлкөнүн ичинде жана Германия менен мектептер ортосунда алмашуу иштерин жүргүзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK