2023-жылдын 15-майында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин менен Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Билим берүү жана изилдөө Федералдык министрлигинин Чыгыш өнөктөштүк, Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча 212-Рефератынын башчысы Габриэле Хермани менен жолугушуусу болуп өттү.

110

2023-жылдын 15-майында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин менен Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Билим берүү жана изилдөө Федералдык министрлигинин Чыгыш өнөктөштүк, Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча 212-Рефератынын башчысы Габриэле Хермани менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Федералдык Билим берүү жана изилдөө министрлигинин өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылдын мартында Германиянын делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча илимий-техникалык тармакта кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле Кыргызстанда кесиптик-техникалык кадрларды даярдоо боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK