2023-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев “Schneider Group” консалтинг компаниясынын президенти жана негиздөөчүсү Ульф Шнайдер менен жолугушту.

85

2023-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев “Schneider Group” консалтинг компаниясынын президенти жана негиздөөчүсү Ульф Шнайдер менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын келечектүү багыттарын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Ошондой эле кыргыз-герман кызматташтыгын башка тармактарда, анын ичинде соода жана логистика тармагында өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

“Schneider Group” компаниясынын кеңселери дүйнөнүн 13 өлкөсүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында да бар. Компания герман жана эл аралык компанияларга Чыгыш Европада, Борбор Азияда, Каспий аймагында жана Кавказда рынокко чыгуу жана жылдыруу үчүн кызматтарды жана экспертизаны сунуштайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK