2023-жылдын 30-майында Берлин шаарындагы Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагынын Өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаевдин Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагынын Федералдык, европалык, эл аралык иштер жана медиа саясаты боюнча Статс-катчысы, Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык мамлекетинин Германиянын Федералдык Өкмөтүндөгү Ыйгарым укуктуу өкүлү Марк Шпайх менен жолугушуусу болду.

70

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагынын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев экономикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берип, энергетика, өнөр жай, ошондой эле тоо-кен тармагында кызматташуунун чоң потенциалын белгиледи. Ал Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагындагы немис инвесторлорун Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Ошондой эле билим берүү жаатында жана Кыргызстандын кесиптик-техникалык окуу жайларында жана квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагынын Берлиндеги өкүлчүлүгүнүн ардактуу коноктору үчүн китепке кол жазмасын калтырды.

Маалымат үчүн: Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагы – борбору Дюссельдорф шаары, калкынын саны 17,9 миллион адам (2021) (Германиянын калкынын саны боюнча эң жыш Федералдык аймак). Экономикалык жактан эң өнүккөн Федералдык аймактарынын бири жана Германиянын өнөр жай борбору болуп саналат. Экономикасынын алдыңкы тармактары болуп энергетика, химия өнөр жайы, массалык маалымат каражаттары жана байланыштар саналат. Адистештирилген көргөзмөлөр өткөрүлө турган ири көргөзмө комплекстери бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK