2023-жылдын 10-июнунда Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык жеринин Вальдбрунн айылында кыргызстандыктардын жергиликтүү “Данек” диаспоралык уюму тарабынан “Кымыз майрамы” уюштурулду

77

2023-жылдын 10-июнунда Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык жеринин Вальдбрунн айылында кыргызстандыктардын жергиликтүү “Данек” диаспоралык уюму тарабынан “Кымыз майрамы” уюштурулду. Майрамга Германияда, Австрияда, Чехияда жашаган 350гө жакын кыргызстандыктар, Кыргызстандан келген немис улутундагы жергиликтүү тургундар, Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин Майндагы Франкфурт шаарындагы өкүлү катышышты. Элчиликтин өкүлү кыргызстандыктарга кайрылып, бардык катышуучуларды үчүнчү жолу өтүп жаткан “Кымыз майрамы” менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө майрамдын конокторуна улуттук тамак-аштар жана кымыз тартууланып, Германия жана Австрияда жашаган таланттуу музыканттар кыргыздын элдик күүлөрүн, ырларын аткарышыпп, кыргыздын улуттук оюндары уюштурулуп, кыргыз элинин улуттук каада-салттары «тушоо кесүү» жана «кыз узатуу» көрсөтүлдү. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында никеси Майндагы Франкфурт шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Консулдук өкүлчүлүгүндө катталган жаш жубайларга Элчиликтин өкүлү тарабынан нике күбөлүгүн расмий түрдө тапшыруу аземи болду.

Мындай иш-чаралар Германиядагы, жалпы эле Европадагы кыргыздардын мындан аркы ынтымагына жана кыргыз элинин улуттук каада-салты менен маданиятынын немис жергесинде даңазаланышына өбөлгө түзөрү белгиленет.

Мындан тышкары, майрамдын катышуучуларына Кыргызстандан алынып келген улуттук кийиз буюмдары көргөзүлүп, активист Мээрим Ранке айым тарабынан санариптештирилген жана «Данек» коомдук уюмунун колдоосу менен Майндагы Франкфурт шаарында басылып чыккан кыргыз тилиндеги «Мурас», «Токтогул», «Жеңижок» китептери тааныштырылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK