2023-жылдын 30-июнунда Элчиликте Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен «Кыргызстан Эл аралык университети» Академиялык консорциумунун камкорчулар кеңешинин төрагасы, академик Асылбек Айдаралиевдин жолугушуусу болуп өттү
2023-жылдын 30-июнунда Элчиликте Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен «Кыргызстан Эл аралык университети» Академиялык консорциумунун камкорчулар кеңешинин төрагасы, академик Асылбек Айдаралиевдин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылдын 14-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын демилгеси менен жарыяланган «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» Резолюциясы боюнча «2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды ɵнʏктʏрʏʏгɵ карата иш-аракеттердин беш жылдыгынын» милдеттерин ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тоолуу коомчулуктардын турмушун биргелешип изилдөө үчүн илимий лабораториялары бар улуттук академиялык институттардын тармагын түзүү жана аны кийин Глобалдык тоо-кен университетине айлантуу маселелери каралды.