2023-жылдын 25-июлунда Берлин шаарында белгилүү немис котормочусу, басмачысы, жазуучусу Леонард Кошуттун 100 жылдык мааракесине карата эскерүү кечеси болду

177

2023-жылдын 25-июлунда Берлин шаарында белгилүү немис котормочусу, басмачысы, жазуучусу Леонард Кошуттун 100 жылдык мааракесине карата эскерүү кечеси болду. Л.Кошут 2022-жылы узакка созулган оорудан кийин каза болгон. Иш-чара Каевиц атындагы фондунда Кыргызстандын жана Казакстандын Германиядагы Элчиликтеринин ɵкʏлдɵрʏ катышуусу менен ɵттʏ.

Л.Кошут жубайы Шарлотта Кошут менен белгилүү кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар», «Кылым карыткан бир кʏн», «Келгин куштун ыйы», «Ак кеме», «Кыямат» жана башкалар сыяктуу чыгармаларын немис тилине которуп, Германияда басып чыгарышкан. Алардын эмгеги менен Ч.Айтматовдун чыгармалары Германияда таанымал болуп, бʏгʏнкʏ кʏндɵ да окулуп келет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK