Элчи Ө.Текебаев ЖИАнын Башкаруу кеңешинин төрагасы Ж.Омошов жана аткаруучу директору А.Жээнбай уулу менен жолугушуу өткөрдү

156

2023-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев “ЖИА” бизнес ассоциациясынын кеңсинде ЖИАнын Башкаруу кеңешинин төрагасы Жоодар Омошов жана аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда “ЖИА” ассоциациянын ишкерлери менен Германиянын ишкерлери ортосунда кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Андан тышкары, 2023-жылдын ноябрь айында Гамбург шаарында өтө турган Кыргыз-Герман Ишкердик кеңешинин экинчи отуруму жана Кыргыз-Герман бизнес форумуна кыргыз ишкерлеринин катышуусу жана даярдык көрүү сүйлөшүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK