2023-жылдын 1-августунда Бишкекте Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен «Манас» улуттук академиясы» Мамлекеттик мекемесинин Президенти Талантаалы Бакчиевдин жолугушуусу болуп өттү.

158

2023-жылдын 1-августунда Бишкекте Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен «Манас» улуттук академиясы» Мамлекеттик мекемесинин Президенти Талантаалы Бакчиевдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда мекеменин Президенти Т.Бакчиев Элчи Ө.Текебаевди кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн сактоо, ошондой эле кыргыз элинин мамлекеттик идеологиялык саясатын, ошондой эле «Манас» эпосунун үчилтигиндеги жана кыргыз элинин чакан эпосторундагы руханий-философиялык жана моралдык-этикалык баалуулуктарды изилдөө, коргоо, сактоо жана жайылтуу аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик идеологиялык саясатын ишке ашыруу боюнча Улуттук “Манас” академиясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.  

Тараптар ошондой эле «Манас» эпосундагы адеп-ахлактык баалуулуктарды өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берүү, ошондой эле Элчилик тарабынан Германияда кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жайылтуу жана өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Бул багытта Элчи Өмүрбек Текебаев маектешине Берлиндин Шарлоттенбург-Вильмерсдорф районундагы Отто-Зур-Аллеясы жана Кайзер-Фридрих-Штрасс чоң көчөлөрүнүн кесилишинде, Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинин аймагында орнотула турган жаш “Манасчы” скульптурасы боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Элчиликке жакын жерде Берлиндеги Шарлоттенбург сарайында Бранденбургдун мурдагы шайлоочулары, Пруссия королдору жана немис императорлорунун эң чоң жана эң маанилүү сарай комплекси жайгашкан. Ал дүйнө жүзү боюнча көптөгөн туристтерди өзүнө тартат.

Скульптурада кыргыздын улуттук баалуулуктарын, ошондой эле кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын камтыган кыргыздын улуттук кийимин жана ак калпагын кийген "Манасчы" жигиттин элеси түшүрүлөт. 10-12 жаштагы бала кыргыз элинин жаштыгын, руханий бийиктигин билдирет. Ал эми динамикалуу позасы анын энергиясы менен күчүн көргөзүп турат.

Жаш “Манасчы” скульптурасы кыргыз элинин улуттук сыймыгынын жана өзгөчөлүгүнүн символу болуп, маданий мурастарды жана каада-салттарды сактоонун маанилүүлүгүн, кийинки муундарга өткөрүп берүү зарылдыгын эске салат.

Улуттук “Манас” академиясынын Президенти Талантаалы Бакчиев скульптуранын ачылыш аземине катышуу жана композициянын мазмунуна көмөк көрсөтүү үчүн академиянын делегациясын жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK