2024-жылдын 26-январында Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германиянын Социал-демократиялык партиясынын фракциясынан Гессен Федералдык аймагынын аймактык парламентинин депутаты Тургут Юксел менен жолугушуусу болуп өттү

67

2024-жылдын 26-январында Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германиянын Социал-демократиялык партиясынын фракциясынан Гессен Федералдык аймагынын аймактык парламентинин депутаты Тургут Юксел менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын маселелерин талкуулап, өлкөдөгү кырдаал жана дүйнөлүк саясат боюнча пикир алышты.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Гессен Федералдык аймагынын ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, ошондой эле кызматташуунун ар кайсы багыттары боюнча өз ара сапарларды уюштурууну сунуштады. Т.Юксель Кыргызстан менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK