2024-жылдын 28-январында Берлин шаарынын “Das Löwenpalais im Berliner Grunewald” концерттик залында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги кыргыз диаспорасынын активисттери жана Кыргыз-Герман Маданият Коому менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган Кыргыз маданиятынын кечесин уюштурду

82

2024-жылдын 28-январында Берлин шаарынын “Das Löwenpalais im Berliner Grunewald” концерттик залында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги кыргыз диаспорасынын активисттери жана Кыргыз-Герман Маданият Коому менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган Кыргыз маданиятынын кечесин уюштурду.

Кыргыз маданият кечесине Элчиликтин достору, Германиянын мамлекеттик органдардын, Парламенттин (Бундестагдын), дипломатиялык корпустун, коомдук бирикмелердин жана маданий уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Берлинде жашаган мекендештер катышты.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев ачылыш сөзүндө мындай иш-чаралар аркылуу Кыргызстан менен Германиянын элдеринин ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандан келген өнөрпоздорго немис көрүүчүлөрүнө улуттук концерттик программа тартуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурланбек Нышановдун улуттук аспаптарда виртуоздук чертүүлөрү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Ыбыкеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Зайра Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айзирек Момунова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айбек Саралаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев, Концертчи Нуржан Токтобекова сыяктуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисттеринин өнөрлөрү менен коштолду. Ошондой эле Кыргыз Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, дизайнер Гүлмира Акматованын заманбап мода коллекциясы көрсөтүлдү.

Маданий иш-чаранын катышуучуларына улуттук тамактар жана таттуулар тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK